Индонезияда 4-ноябрга караган түнү Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосу атылды. Жаратылыш кырсыгынан он киши көз жумду. Жанар тоо Флорес аралында жайгашкан. Атылуу учурунда 2 чакырым бийиктикке күл бүрккөн. Жакынкы айылдарда бир нече өрт чыккан. Беш айылдан адамдар эвакуацияланган. Жанар тоонун жанындагы үйлөр калың күл каптаган. Индонезиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин өкүлү […]
Дүйнө
Сауд Арабияга кар жаады
Сауд Аравиянын түндүгүндө Аль-Джафр аймагында кар жаады. Маалыматтарга ылайык, буга чейин аймактын кээ бир бөлүктөрүндө катуу жамгыр жана мөндүр жааган. 2-ноябрда тоолуу аймактарга кар түштү. Кар, жаан-чачын чөлдүн өрөөндөрүнө пайдалуу. Бул жерде жазында лаванда, хризантема жана башка жыпар жыттуу өсүмдүктөр гүлдөйт. Метеорологдор мындай аба ырайы Оман тарапка жыларын билдирүүдө.
АКШда алдына ала добуш берүүгө 78 миллион адам катышты
Ишемби күнү Флорида университетинин шайлоо процесстер лабораториясы 78 миллион америкалык АКШ президентин шайлоодо добуш бергенин билдирген. “Алдын ала добуш бергендердин жалпы саны 78 миллионго жетти. Жеке өзү добуш бергендер – 42,6 миллион, почта аркылуу – 35,3 миллион. Почта аркылуу добуш берүү үчүн 67,4 миллион бюллетень суралган”,-деп жазылат лабораториянын сайтында. АКШнын […]
Камала Харрис шайлоо бюллетенин почта аркылуу жиберди
АКШнын азыркы вице-президенти, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Камала Харрис өлкө башчысын шайлоо боюнча добушун эрте берип, бюллетенин почта аркылуу жиберди. Ал 5-ноябрда өтө турган шайлоо «курч» боло турганын белгилеп, өзүнүн жеңишине ишенимдүү экенин билдирди. «Биз жеңебиз деген ниеттебиз. Бул ниеттин бир себеби — сиздин добуш берүүңүз»,-деди Харрис X социалдык тармактагы […]
Король ылай ыргыткандарды түшүнүү менен кабыл алды
Король VI Филипп аймакка болгон сапары учурунда аны жана жубайы Летисияга ылай ыргытууга аракет кылган Валенсия тургундары менен болгон окуяга пикирин билдирди. Координациялык борбордун жыйынында сөз сүйлөгөн Филипп VI «Көптөгөн адамдардын башынан кечирген оор жагдайлары үчүн алардын ачуусун жана үмүтсүздүгүн түшүнүшүбүз керек»,-деди король. Валенсиядагы окуяга байланыштуу монарх жана анын жубайы […]
Майя Санду президенттик шайлоодо лидерликти сактап калууда
Молдованын учурдагы президенти Майя Санду мамлекет башчысы шайлоосунун экинчи айлампасында 55,06 пайыз көрсөткүч менен лидерликти сактап турат. Атаандашы мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 44,94 пайыз добуш алган. Бул маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында жарыяланган шайлоо протоколдорунун 99,01 пайызы иштелип чыккандан кийинки алдын ала жыйынтыктардан көрүнүүдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, […]