Курск облусунда Түндүк Кореянын 11 миңдей аскери бар экени айтылды

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын Курск облусунда 11 миңге жакын Түндүк Кореянын аскери бар экенин билдирди. “Украинанын чалгындоо кызматынан Түндүк Кореянын аскерлеринин Россия аймагында жүргөнү тууралуу билдирүү келген. Алардын саны Курск облусунда 11 миңге жетти. Биз алардын саны өсүп жатканын байкап жатабыз. Тилекке каршы, биздин союздаштардан эч кандай реакция көргөн […]

АКШда алгачкы добуш берүү участогу ачылды

Автор

АКШдагы президенттик шайлоодо Республикачылардан талапкер Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан талапкер Камала Харрис алгач ачылган шайлоо участогунда үчтөн добуш алышты. Добуш берүү Нью-Гэмпшир штатынын Диксвилл-Нотч аймагында өттү. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады. Шайлоо участогу 5-ноябрь күнү түнкү саат 00:00дө ачылып, алты шайлоочу добуш бергенден кийин бир нече мүнөттө жабылды. АКШда […]

Зеленский: Канада NASAMS системасын берди

Автор

Владимир Зеленскийдин айтымында, Канада Украинага NASAMS абадан коргонуу системасын жөнөттү. Аны Киев 2024-жылдын аягына чейин алууну күтүп жатат. Зеленский бул тууралуу Канада премьери Жастин Трюдо менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны курал-жарак менен камсыздаган бардык жүктөр Россия үчүн мыйзамдуу бута болоорун белгилеген. Анын айтымында, […]

Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды учурду

Автор

Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Түндүк Корея бир жумада экинчи жолу баллистикалык ракета сыяктуу көрүнгөн нерселерди учурду. Алар Япония деңизи тарапты көздөй учкан. Кийинчерээк Япониянын коргоо министри Гэн Накатани Түндүк Корея узактыгы 400 чакырымга чейин жана учуу бийиктиги 100 чакырым болгон жок дегенде 7 баллистикалык ракета учурганын, баары Япониянын өзгөчө […]

АКШда 60-жалпы шайлоо өтөт

Автор

АКШда алтымышынчы кезектеги жалпы шайлоо шейшемби, 5-ноябрда өтөт. Президент жана вице-президенттен тышкары, америкалыктар 33 сенаторду, Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн, 11 штаттын жана эки аймактын губернаторлорун, ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдарын шайлайт. Ак сарай үчүн күрөштө вице-президент Камала Харрис жана Миннесота штатынын губернатору Тим Уолц экс-президент Дональд Трамп жана Огайо штатынан […]

Жанар тоо атылып 10 киши көз жумду

Автор

Индонезияда 4-ноябрга караган түнү Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосу атылды. Жаратылыш кырсыгынан он киши көз жумду. Жанар тоо Флорес аралында жайгашкан. Атылуу учурунда 2 чакырым бийиктикке күл бүрккөн. Жакынкы айылдарда бир нече өрт чыккан. Беш айылдан адамдар эвакуацияланган. Жанар тоонун жанындагы үйлөр калың күл каптаган. Индонезиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин өкүлү […]