АКШда президенттик шайлоодо алдыда келе жаткан республикачыл Дональд Трамп Палм-Бичтеги резиденциясынан тарапташтарына кайрылды. Ал согушту каалабай турганын жана аларды токтотууну максат кылганын билдирди. «Төрт жыл бою биз эч кандай согуштарды көргөн жокпуз. Мен согуш баштоону каалабайм, аларды токтотууну көздөйм»,-деди Трамп. Өз кайрылуусунда Дональд Трамп шайлоодогу жеңишин жарыялап, өзүн АКШнын 47-президенти […]
Дүйнө
Fox News: Трамп президенттикке керектүү добушту топтоду
Fox News телеканалынын алдын ала маалыматына ылайык, Дональд Трамп АКШ президенти болуп шайлануу үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 277 добушун алды. Эрежелер боюнча президенттик шайлоодо 270 добуштан ашык алган адам жеңүүчү болот. Маалыматка ылайык, Дональд Трамп 277 добушка ээ болду. Атаандашы Камала Харристин 226 добушу бар.
АКШда шайлоо: Трамп талаштуу штаттарда алдыда баратат
АКШда президенттикке талапкер, Республикалык партиянын өкүлү Дональд Трамп жети талаштуу штатта же Аризона, Жорджия, Мичиган, Невада, Пенсильвания, Түндүк Каролина жана Висконсинде алдыда баратат. CNNдин маалыматы боюнча Аризонада Дональд Трамп 49,8 пайыз добушка ээ болду. Демократтардан талапкер Камала Харрис 49,3 пайыз добуш алды. Бюллетендердин 52 пайызы иштелип чыкты. Жорджияда Трамп 50,7 […]
Нетаньяху өлкөнүн Коргоо министрин кызматтан алды
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн Коргоо министри Йоав Галантты кызматтан алды. Премьер-министр коргоо министри менен олуттуу пикир келишпестиктер болгонун билдирди. «Согуштун жүрүшүндө премьер-министр менен коргоо министринин ортосунда толук ишеним болушу керек. Алгачкы айларда ишеним бар болуп, жемиштүү иш жүргөнү менен акыркы айларда бул ишеним экөөбүздүн ортобузда бузулуп калды»,-деди Нетаньяху. Галанттын […]
New York Times гезити Трамптын жеңишин 88 пайыз менен болжолдоду
Америкалык The New York Times гезити АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгын болжолдогон «шайлоо ийнеси» аттуу куралды ишке киргизди. Башында бул шайман эки талапкердин утуп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн тең көрсөтүп турса, кийинчерээк республикачылардан талапкер Дональд Трамптын жеңүү мүмкүнчүлүгүнө ооп кетти. Курал анын жеңүү мүмкүнчүлүгүн 88 пайыз деп баалады. Бул курал шайлоонун жыйынтыгын онлайн […]
Трамп 200дөн ашык шайлоочулар коллегиясынын добушун алды
АКШда президенттикке талапкер республикачыл Дональд Трамп 205 шайлоочулар коллегиясынын добушун алды. Ал эми демократтардан талапкер Камала Харрис 117 добушка ээ болду. Бул тууралуу Fox News маалымдады. Жеңишке жетүү үчүн 270тен ашык шайлоочулар коллегиясынын добушу зарыл. Шайлоочулар коллегиясынын добуш берүүсү жалпы элдин добуш берүүсү менен параллелдүү жүрүүдө. Алардын курамында партиянын активисттери, […]