Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху министрлер кабинетинин жыйынында өлкөнүн Ливанда сентябрь айында «Хезболла» уюмунун пейджерлери жана радиолорунун жардырылышына тиешеси бар экенин биринчи жолу мойнуна алды. «Пейджерлер боюнча операция жана Насралланы жок кылуу коргоо мекемесинин жогорку даражалуу кызматкерлеринин жана саясий эшелондогу жооптуу адамдардын каршы аракеттерине карабастан жүргүзүлгөн»,-деди Нетаньяху. The Times of Israel […]
Дүйнө
Трамптын президенттигине кандай божомолдор бар?
АКШда президенттик шайлоонун бюллетендери толугу менен саналып бүттү. Акыркы талаштуу штат Аризонада шайлоо Дональд Трамптын жеңиши менен жыйынтыкталды. Жалпысынан шайлоо марафону боюнча ал 312 шайлоочулар коллегиясынын добушун алды. Камала Харристте 226 добуш бар. Жеңишке жетүү үчүн талапкерлердин ар бирине 270 добуш керек болчу. Абсолюттук сан боюнча Трампка 74,5 миллион адам […]
Дүйнө лидерлери Трампты шайлоодо жеңиши менен куттукташты
Дүйнөнүн лидерлери жана саясатчылар АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялаган республикачы Дональд Трампты куттуктап жатышат. Аны Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Литванын президенти Гитанас Науседа, Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевич, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Сербиянын президенти Александр Вучич, Австриянын канцлери Карл Нехаммер, НАТОнун башкы […]
Трамп согуштарды токтотууну убада кылды
АКШда президенттик шайлоодо алдыда келе жаткан республикачыл Дональд Трамп Палм-Бичтеги резиденциясынан тарапташтарына кайрылды. Ал согушту каалабай турганын жана аларды токтотууну максат кылганын билдирди. «Төрт жыл бою биз эч кандай согуштарды көргөн жокпуз. Мен согуш баштоону каалабайм, аларды токтотууну көздөйм»,-деди Трамп. Өз кайрылуусунда Дональд Трамп шайлоодогу жеңишин жарыялап, өзүн АКШнын 47-президенти […]
Fox News: Трамп президенттикке керектүү добушту топтоду
Fox News телеканалынын алдын ала маалыматына ылайык, Дональд Трамп АКШ президенти болуп шайлануу үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 277 добушун алды. Эрежелер боюнча президенттик шайлоодо 270 добуштан ашык алган адам жеңүүчү болот. Маалыматка ылайык, Дональд Трамп 277 добушка ээ болду. Атаандашы Камала Харристин 226 добушу бар.
АКШда шайлоо: Трамп талаштуу штаттарда алдыда баратат
АКШда президенттикке талапкер, Республикалык партиянын өкүлү Дональд Трамп жети талаштуу штатта же Аризона, Жорджия, Мичиган, Невада, Пенсильвания, Түндүк Каролина жана Висконсинде алдыда баратат. CNNдин маалыматы боюнча Аризонада Дональд Трамп 49,8 пайыз добушка ээ болду. Демократтардан талапкер Камала Харрис 49,3 пайыз добуш алды. Бюллетендердин 52 пайызы иштелип чыкты. Жорджияда Трамп 50,7 […]