Өзбекстанда 200дөн ашуун орус мугалими иштей баштайт

Автор

Өзбекстандын мектептеринде 200дөн ашуун орус мугалими иштей баштайт. Бул тууралуу Россиянын Билим берүү министрлигинин эл аралык кызматташтык борборунун жетекчиси Сергей Малышев билдирди. Анын айтымында Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууга даярдоочу окуу жайлар ачылат. «Орус мугалими чет өлкөдө» долбоорунун алкагында орто кесиптик окуу жайларга да орус тилдүү мугалимдер келе баштайт.

77 демократ Маскты кызматтан кетирүүнү талап кылды

Автор

АКШ Конгрессиндеги 77 демократ Трамптан Илон Маскты 30-майга чейин кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Алар Маск мамлекеттик атайын кызматкер болуп 130 күндөн ашык иштебеши керек деген мыйзамды көрсөтүштү. Демократтардын айтымында, ал убакыт бүткөндөн кийин Маск Tesla жана SpaceX компанияларындагы ролун токтотмоюнча кайра дайындалбашы керек. Техастан депутат Грегори Казар коомдук басым күчөйт […]

Стамбулда Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү башталды

Автор

Россиялык делегацияны АКШдагы элчи Александр Дарчиев, ал эми америкалык тарапты Европа жана Евразия иштери боюнча мамлекеттик катчынын орун басары Соната Коултер жетектөөдө. Сүйлөшүү төрт сааттан кем болбойт. Дарчиев бул жолку жолугушуу АКШнын мурдагы администрацияларынын «уулуу мурастарынан» арылууга жардам берет деди. Ошондой эле түз аба каттамдары жана дипломатиялык мүлктүн кайтарылышы талкууланат.

Макрондун Палестина боюнча билдирүүсү Израилдин тынчын алды

Автор

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жакын айларда Палестина мамлекетин таанышы мүмкүн экени тууралуу билдирүүсү, Палестина аймактарын басып алууну улантып жаткан Израилди тынчсыздандырды. Израилдин Тышкы иштер министри Гидеон Саар өзүнүн X баракчасында жазган билдирүүсүндө Макрондун Палестина мамлекетин таануу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтканына каршы чыкты. “Бул сыяктуу аракеттер биздин аймакка тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту […]

Казакстан менен Азербайжан Каспий деңизинде машыгууларды өткөрөт

Автор

«Каспий жел аргысы – 2025» аттуу аскердик иш-чара Актауда болот. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Машыгуулар Каспий деңизинин Казакстанга тиешелүү секторунда өтөт. Ал аймакта кемелер жайгаштырылат. Деңиз аркылуу биргелешип сүзүү элементтери аткарылат. Аскерлер коркунучтарга каршы аракеттенүү, кырсыкка учураган түзүмдөргө, кемелерге жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгышат. […]

Көп өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрү токтоду, Кытайга 125 пайызга көтөрүлдү

Автор

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү үчүн жогорулатылган бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө токтото турганын билдирди. Ошол эле маалда Кытай үчүн бажы төлөмдөрү мурдагы 104 пайыздан 125 пайызга чейин көбөйтүлөт. Бул чечим дароо күчүнө кирерин билдирген АКШнын президенти Кытайды «дүйнөлүк рынокторго урмат-сый көрсөтпөй жатат» деп айыптады. Кайсы өлкөлөргө 90 […]