“Бишкексууканал” ишканасы контролерлорду жумушка чакырат

Автор

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын абоненттик кызматына контролерлор керек. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш шарттары: – график: 8:00дөн 17:00гө чейин; – иш тажрыйбасы талап кылынбайт; – жогорку билим талап кылынбайт. “Бардык суроолор боюнча Бишкек шаары, 10-кичи район, №35 имарат жана төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар: 0312 56 19 95”, – деп айтылат маалыматта.

Орусия Кыргызстанда эки чакан ГЭС курат

Автор

Орусия Кыргызстанда “Чандалаш” жана “Жерүй” чакан ГЭСтерин курат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимдер Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус экономикалык форумунун жыйынтыгында жетишилди. Жалал-Абад облусундагы “Чандалаш” ГЭСи менен Таластагы “Жерүй” гидроэлектрстанциясы 80 млн долларга бааланды. Форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы 265 млн долларлык келишим түзүлгөнү кабарланды. Анын ичинде “Кыргыз […]

Азимбек Бекназаровдун эмнеге камалганы айтылды

Автор

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. “Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү […]

Аптанасаат: Кытай макалдары

Автор

1. Жетишпеген жагыңды айткандан баары душманың эмес, Мактагандын баары дос эмес. 2. Акырын жылгандан коркпо, ордуңда туруп калгандан корк. 3. Эгер тынчтыкты жакшы жагына өзгөртө албаса сүйлөбө. 4. Анчалык маанилүү эмес ишти тез бүтүр, а, эгер маанилүү болсо шашпай жаса. 5. Чоң дарыя тынч агат, акылдуу адам үнүн катуу чыгарбайт. […]

Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси эмнеге кармалды? УКМКнын жообу

Автор

УКМК тарабынан «Альянс» фракциясынан ЖК депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Р.А.Р. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, […]

Эльдар Алишеров ЕЭКте министр болуп дайындалды

Автор

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2024-жылдын 11-сентябрындагы чечими менен Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалды. Ал 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Алишеров 2023-жылдын 20-февралынан тарта Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп да иштеген.