Сокулукта борбордук стадиондун курулушу башталды

Автор

Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушу башталды. Аталган жайдын курулушуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы жана Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев мезгил кутусун салды. Ташиев бул жерде футбол стадиону, тиешелүү инфраструктурасы бар заманбап спорт комплекси да куруларын, анын жалпы аянты 15 миң […]

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Кыргызстан кача каражат бөлөт?

Автор

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Кыргыз Республикасы бюджеттен 11 миллиард сом каражат бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги сунуштаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда айтылууда. Документке ылайык, 2025-2027-жылдарга биргелешкен долбоордук компаниянын уставдык капиталына кыргыз тараптын салымы төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: 2025-жылы 2 миллиард 418 миллион сом, 2026-жылы 4 миллиард 291 миллион сом, ал эми 2027-жылы […]

Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктады

Автор

Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды. Жабылыш аземинде КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Алтынбек Максутов Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары маанилүү окуялардын бири болуп калганын, бул улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганын белгиледи. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады. Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн […]

14-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй […]

“Бишкексууканал” ишканасы контролерлорду жумушка чакырат

Автор

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын абоненттик кызматына контролерлор керек. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш шарттары: – график: 8:00дөн 17:00гө чейин; – иш тажрыйбасы талап кылынбайт; – жогорку билим талап кылынбайт. “Бардык суроолор боюнча Бишкек шаары, 10-кичи район, №35 имарат жана төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар: 0312 56 19 95”, – деп айтылат маалыматта.

Орусия Кыргызстанда эки чакан ГЭС курат

Автор

Орусия Кыргызстанда “Чандалаш” жана “Жерүй” чакан ГЭСтерин курат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимдер Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус экономикалык форумунун жыйынтыгында жетишилди. Жалал-Абад облусундагы “Чандалаш” ГЭСи менен Таластагы “Жерүй” гидроэлектрстанциясы 80 млн долларга бааланды. Форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы 265 млн долларлык келишим түзүлгөнү кабарланды. Анын ичинде “Кыргыз […]