Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат

Автор

Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, учур талабына жараша мобилдүү автобустар эл ташууга киргизилет. “Биз бардык аракеттерибизди шаар тургундарынын ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн кылып жатабыз. Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, […]

Алайда жаңы мектептин пайдубалынын мезгил кутусу салынды

Автор

Бүгүн, 8 – июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алгач төрага Кең-Жылга айылында жайгашкан №27 Жоро Алимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Аталган мектептин биринчи корпусу 1976-жылы курулган. Экинчи корпусу […]

V Көчмөндөр оюнуна спорттун улуттук түрлөрү боюнча 268 катышуучу аттанат

Автор

Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюнуна Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан болжол менен 268 катышуучу аттанат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын арасында көк бөрүчүлөр, чабандестер, салбуурунчулар, белбоо, таяк тартыш боюнча спортчулар жана машыктыруучулар, атайын өкүлдөр бар. […]

Айыл чарбасын каржылоого 3,2 млрд сом насыя берилди

Автор

2024-жылдын 4-июлуна карата “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоордун алкагында республиканын 8 миң 279 айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, насыянын көлөмү 3 млрд 277 млн 92 мин сомду түздү. Анын ичинен: “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 7 миң 159 субъектке 2 млрд 917 […]

Ысык-Көлдө чагылган тийип 250 баш кой өлдү

Автор

Тоң районунун Кажы-Саз айылына чагылган түшүп, натыйжада 250 баш кой өлгөн. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди. ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, кечээ, 7-июлда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Кун-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосунда алдын ала маалымат боюнча болжол менен 250 баш койго чагылган тийип өлгөндүгу тууралуу маалымат түшкөн. […]

Кыргызстанда бул жумада нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.