10-июлда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Эртең, 10-июлда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28, Баткенде түнкүсүн +18…+23, күндүз +28…+33, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28, […]

Жапаров жумушчу сапары менен Екатеринбургга келди

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-июлда жумуш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Екатеринбург шаарында минкаб башчысы Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына жана көргөзмөсүнө катышат. Андан ары минкаб башчысы […]

«Ала-Арча» көрүстөнүндө Геннадий Базаровдун эстелиги орнотулду

Автор

Бүгүн «Ала-Арча» көрүстөнүндө КР Эл артисти, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, жана сценарист Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды. Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, Базаровдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын […]

Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими алынды

Автор

Кадамжайда сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылына сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге суу кирген. Мындан улам 25-июнда Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал […]

Акылбек Жапаров Россияга барат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапары менен Россиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Екатеринбург шаарында минкаб башчысы Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге “Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону” темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө Ал эми Красноярк […]

9-июлда күтүлгөн аба ырайы

Автор

9-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн […]