Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 11-июль саат 09:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 50 тыйын болсо, сатуу 86 сом 40 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 48 тыйын деп көрсөтүлгөн

Айгүл Жапарова Беларуска келди

Автор

Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова 10-июлда «Славян базары» Эл аралык искусство фестивалынын алкагында маданий иш-чараларга катышуу үчүн Беларуска келди. Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле жогорку деңгээлдеги бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Минск шаарынын Улуттук аэропортунан мамлекет башчысынын жубайын Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алды.

Садыр Жапаров, президент: “Эң жогорку баллды камсыз кылгандардын көпчүлүгү “Сапат” билим берүү мекемелеринин балдары”

Автор

Бүгүн, 10-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “алтын” сертификаттын ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Садыр Жапаров бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин бул ийгилиги менен куттуктап, жыл сайын ЖРТдан жогорку балл алган балдардын саны өсүп жатканын белгиледи. Президент “Бул ЖРТ системасы өлкөбүзгө киргени биринчиликти колдон чыгарбай, […]

11-июлда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28, Баткенде түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз […]

Маданият министринин жаңы орун басары дайындалды

Автор

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарова Айнура Алмасбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан алынып, анын ордуна Абдыкалыкова Гулбара Кадырбековна дайындалды. Маалыматка ылайык, министрдин жаңы орун басарын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырды. Гулбара Абдыкалыкова бул кызматка дайындалганга чейин «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей […]

Кыргызстанда балдарга эң көп коюлган ысымдар аталды

Автор

Жылдын биринчи жарымында жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында эң көп коюлган ысымдар аталды.Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Балдар арасында эң популярдуу 10 ысым: Мухаммед – 3 миң 667, Умар – 2 миң 181, Али – 1 миң 659, Рамазан – 1 миң 428, Амир – 1 миң 370, Билал – […]