12-июлда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Эртең, 12-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, […]

Эмгек министрлигинде 150 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Автор

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2022-жылга карата шайкештик аудити жүргүзүлдү. Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын натыйжасында жалпы суммасы 149 млн 944 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар, ошондой эле республикалык бюджеттин жоготуулары жана сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталган. Бул сумманын 43 млн 876 миң сому (жалпы […]

Алты айда Чүй облусу 1,3 млрд сомго каржыланды

Автор

2024-жылдын 6 айында Чүй облусуна 1,3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 346,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган: теңдөөчү трансферт – 130,3 млн сом айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 52,6 млн сом; электр энергия болгон 50% компенсациясына […]

Чукул билдирүү! Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 13-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ селдин алдын алуу үчүн төмөндөгүдөй коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат: арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз […]

Мурдагы билим берүү министрине 1,5 миллион сом айып салынды

Автор

Сот экс-билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге 1,5 миллион сом айып салды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, мурдагы чиновник КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Айып пулдан тышкары үч жылга мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды. Алмазбек Бейшеналиев шаардык сотко […]

Султан Раев Европанын табигый илимдер академиясынын академиги болду

Автор

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султанбай Раев Европадагы табигый илимдер академиясынын академиги болду. Бул тууралуу аталган академиянын сайтына жарыяланды. Европадагы табигый илимдер академиясы бүткүл дүйнөдөгү илимий, интеллектаулдык, маданий жана гуманитардык тармактарды бириктирет. Штаб-борбору Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан. Уюмдун курамына дүйнөлүк маданият жана искусство өкүлдөрү, гуманитардык, так илимдерге, билим […]