Таласта кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды

Автор

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Натур Энержи» ЖЧКсынын директору А.у.А. К.Асанбектин жакын адамы — Р.Т.К. менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды. […]

Улуттук банк валюта рыногунан 34,3 млн доллар сатып алды

Автор

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногунда долларды сатып алуу боюнча кезектеги интервенция жасады. 11-июлда жөнгө салуучу орган 34,3 миллион доллар сатып алган. Операция тууралуу маалымат банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Анын ичинен 17,5 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 16,8 миллион доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен болду. Жөнгө […]

Баткен районунун эки айылында калыбына келтирүү иштери аяктады

Автор

Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарындагы селден кийинки калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, ӨКМден тартылган 131 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтары жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда турак үйлөргө, жертөлө жана сарайга кирген сел калдыктары тазаланды. Жергиликтүү эл калыбына келтирүү иштеринин ыкчам бүткөрүлдүгү үчүн […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 12-июль саат 09:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 40 тыйын болсо, сатуу 86 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 40 тыйын деп көрсөтүлгөн

Текебаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды

Автор

Тилек Текебаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Текебаев Тилек Кыдырмаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Текебаев буга чейин Транспорт […]