Кыргызстанда “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат

Автор

Кыргызстанда 1-августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматта ылайык, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы күмүш монеталар 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки […]

“Сапаттын” окуучусу программалоо боюнча Европа олимпиадасында коло медаль утту

Автор

З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева программалоо боюнча европалык олимпиадасында коло медалга татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алды. 21-июлдан 27-июлга чейин өткөн европалык олимпиадагы 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу информатика боюнча катышты. […]

Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактар менен таанышты

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышты. Жеринде Камчыбек Ташиев тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел каптаган аймактарындагы абалды көрүп чыкты. Ал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош […]

Тазабек Икрамов мандатынан ажырады

Автор

Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутат тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү Тазабек Икрамов мандатынан ажырады. Мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына өзү арыз жазган. БШК 19-июлдагы жыйынында Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. 17-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы тууралуу кабарланган. Бирок, кайсы […]

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Өзбекстанда […]

Айнура Аскарова Улуттук китепкананын директору болуп дайындалды

Автор

Айнура Аскарова Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Тиешелүү буйрукка маданият министри Алтынбек Максүтов кол койду. Жаңы дайындалган директорду китепкананын эмгек жамаатына министр Алтынбек Максутов тааныштырып, китепкананын ишин алдыга жылдырууга ишенимин артып, жооптуу ишине ийгилик, жамаатка ынтымак каалады.