Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарында жаңы бокс ордосун ачты

Автор

Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында жаңы бокс ордосу ачылды. Спорт жайынын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев катышты. Спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт залы болуп, жергиликтүү балдар машыгып келишкен. Анда спортчулар үчүн керектүү шарттар жок болчу. Ал эми имарат […]

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Орусияга элчи болуп дайындалды

Автор

Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Эске салсак, Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп келген. Аталган кызматка 2021-жылы сентябрда дайындалып, быйыл июль айында кызматтан кеткен.

Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-31-августта төкмө акындардын XVII Эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Улуттук “Манас” театрынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айтыш Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. 12-августта «Манас» театрынын залында тандоо туру болот (саат 10:00дө). Айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт. Төкмөлөрдүн таймашы Кара-Кыргыз автономиялуу […]

Кыргызстанда “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат

Автор

Кыргызстанда 1-августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматта ылайык, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы күмүш монеталар 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки […]

“Сапаттын” окуучусу программалоо боюнча Европа олимпиадасында коло медаль утту

Автор

З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева программалоо боюнча европалык олимпиадасында коло медалга татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алды. 21-июлдан 27-июлга чейин өткөн европалык олимпиадагы 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу информатика боюнча катышты. […]

Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактар менен таанышты

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышты. Жеринде Камчыбек Ташиев тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел каптаган аймактарындагы абалды көрүп чыкты. Ал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош […]