Ысык-Көлдөн 28 миң тонна таштанды чыгарылды

Автор

Ысык-Көлдөн быйыл жыл башынан бери алты тоннадай акыр-чикир, 40 миң метр балык кармоочу тор чыгарылды. Былтыр болсо жалпысынан 22,5 миң тоннадан ашык таштанды, 218 миң метрдей тор алынып чыккан. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди. Маалыматка ылайык, учурда мыйзам менен тыюу салынганына карабастан браконьерлик, көлдү булгоо уланып жатканын белгиледи. «Адистер белгилегендей, […]

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 17 миң адамга азайды

Автор

Ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 17 миң 620 адамга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкө боюнча 81 миң 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат. Жумушка орноштурууга кызматтарынын негизги милдеттеринин бири-жумушка орношууга көмөк көрсөтүү. Жыл башынан бери […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 12-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 50 тыйын болсо, сатуу 85 сом 90 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 40 тыйын деп көрсөтүлгөн

Ысык-Көлдө сел жүрүп, 17 үйдү суу каптады

Автор

Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз–Булак тилкесинде 4 турак үйдү. Ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, натыйжада 9 турак үйдү сел суулары каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Булан-Соготу айылында 1, ал эми Бостери айылында 3 турак […]

Ысык-Көлдө билим саммити өтөт

Автор

16-августтан 20-августка чейин Чолпон-Ата шаарында билим саммити өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, саммит август иш-чараларынын алкагында өткөрүлөт. Саммиттин биринчи күнүндө Казакстан балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына камтуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдар үчүн ваучердик каржылоону киргизүү боюнча талкуу […]

“Эл үмүтү” стипендиясын алууга 22 талапкер жактырылды. Тизме

Автор

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссия биринчи окуу жылына 22 талапкерди жана экинчи окуу жылына 6 арызды жактырды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, стипендияны 2024-2025-окуу жылына карата биринчи окуу жылы үчүн алууга төмөндөгү талапкерлер бекитилди: Абдурахманова Асел Келдибековна – Джонс Хопкинс университети, “Коомдук […]