Кант шаарында амфитеатр курулат

Автор

Кант шаарына курула турган амфитеатрдын эскиздик долбоору сунушталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эскиздик долбоор Чүй региналдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына караган Ысык-Ата районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитекторлору тарабынан иштелип чыкты. Учурда эскиздик долбоор өз алдынча башкаруу […]

14-августта күтүлгөн аба ырайы

Автор

14-августта түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38; Ысык-Көл облусунда […]

Бүгүн оңдоодон кийин Чүй проспектисинин бир бөлүгү ачылды

Автор

Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бүгүн, 13-августта Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды Белгилей кетсек, Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.

Баткенде 26 млн сомго муниципалдык мал базар курулду

Автор

Раззаков шаарында 26 миллион сомго муниципалдык мал базар курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, объект бардык архитектуралык жана санитардык талаптарга жооп берет. Курулушка республикалык бюджеттен 15 миллион сом, 6,5 миллион Лейлек районун өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен 3,5 миллион сом бөлүнгөн.

Олимпиадага катышкан спортчуларга унаа жана акчалай сыйлык берилди

Автор

Бүгүн, 13-августта XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан 16 спортчубуз Кыргызстанга кайтып келди. Аларды расмий тосуп алуу салтанатында президент Садыр Жапаров Париждеги 33-Жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышып, Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу алты медаль утуп келген спортчуларды куттуктады жана баарына акчалай сыйлык,унаалар белекке берилди. Күмүш жана коло медалга татыган алты спортчуга КИА […]

Париж -2024: Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти

Автор

Париж Олимпиадасына катышкан Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти. Аларды мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, спортчулардын ата-энелери жана жакындары тосуп алышты. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Париждеги жайкы Олимпиадада Кыргызстандын туусу алты ирет желбирегенин, мунун артында талыкпаган мээнет жана аракет турганын белгиледи. Белгилей кетсек, […]