Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 15-август саат 09:00го карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 90 тыйын болсо, сатуу 86 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 70 тыйын деп көрсөтүлгөн

«Ата Бейиттин» сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева чын дүйнө салды

Автор

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы туулган. Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын […]

15-августта күтүлгөн аба ырайы

Автор

15-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл облусунун, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36; Баткен, Ош, Жалал-Абад […]

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат

Автор

Кыргызстандын мектептеринде биринчи коңгуроо 2-сентябрда кагылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнүнө туура келгендиктен 2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде билим күнүнүн башталашына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат.

УКМК Ысык-Көлдө дрондун кулашы боюнча үн катты

Автор

Кыргызстандын учкучсуз учактары, анын ичинде Bayraktar аппараттары да баары толук, эч бири жабыркаган эмес. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учкучсуз учактарды башкаруучу экипаж коюлган тапшырманы аткарууга дайыма даяр экенин да кошумчалаган. «Бүгүн 14-августта Балыкчы полигонунда окуу-машыгуу учурунда жаңы тактикалык чакан дрон сыноодон өткөн. […]

Кайра шайлоо: №13 Сузак округу боюнча 9 адам арыз берди

Автор

22-сентябрда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) боюнча дагы бир талапкер Айдаров Ынакбек Эргешовичтен арыз түшкѳн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда […]