Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык […]

17-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

Автор

17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24; Таласта […]

Президент эл аралык олимпиадалардын байге ээлери менен жолукту

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап жатып, соңку жылдары […]

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Автор

Догдурбек Чонтоев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациядан билдиришти. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана […]

«Ала-Тоо» аянты качан ачылат?

Автор

Бишкектеги реконструкцияланып жаткан «Ала-Тоо» аянтынын расмий ачылышы 21-сентябрда өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда алгачкы жолу жаңы, бийлеген от фонтандарынын ачылышы болот. Эске салсак, борбордук аянт апрелден бери оңдолуп жатат.

Зилалиев 4-ноябрга чейин камакка алынды

Автор

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин камакта калды.Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабыл алган чечимде айтылат. Маалыматка ылайык, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Белгилей кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан 13-сентябрда кармалдыгы айтылган. Аны менен кошо Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган.