Чакан ишканаларга 7,4 млрд сом пайызсыз насыя берилди

Автор

“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, берилген насыянын жалпы көлөмү 7 млрд 412 млн 87 миң 917 сомду түзөт. Анын ичинен: 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 984 ишкерге 5 млрд […]

17-19-августта өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Автор

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-августан 19-августка чейин чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Жарандарга бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдыруу […]

Аптанасаат: Аз сүйлөөнүн пайдасы жөнүндө

Автор

Низами: Аз сүйлөөнүн пайдасы жөнүндө: Адамга сөз суудай керек – кептин чыны, А бирок кээде оозду жапкан – болот мыкты. Талаш жок – суу жан сергитет, А бирок ким көп ичсе – так секиртет. Издеп-таап нускалуу сөз берметин, Акак таштай жарык кыл жердин бетин. Шоола чачкан сөзүң менен сыймыктан, Нак […]

Тоңдо чагылган тийип 60 баш кой өлдү

Автор

Тоңдо чагылган тийип 60 баш кой өлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, 15-августта саат 17:30дар чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кичи-Анги жайлоосунда күн күркүрөп, чагылган түшүп болжол менен 60 даана койго чагылган тийген. Жерине техникалар бара албайт. Бүгүн, 16-августта Жарандык коргоо комиссиясы ат менен барары жана […]

Бишкек ЖЭБинде эки энергетикалык блок оңдолууда

Автор

Бишкек ЖЭБинин №3 жана №4 энергетикалык блоктору капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында аткарылууда. Белгиленгендей, энергетикалык блоктор жети жыл бою тынымсыз иштеген. Ушуга байланыштуу алардын долбоордук кубаттуулугу 200 МВт чейин төмөндөгөн. Ремонттон кийин блоктордун кубаттуулугу 300 МВт стандарттык чекке чейин […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 16-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 90 тыйын болсо, сатуу 86 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн