Эми окуучулар өздөрү окуган классты жууп-тазалашабы?

Автор

Эми мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын, парталардын тазалыгына өздөрү көз салып, жууп-тазалашат. Тиешелүү буйрук чыкканын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Кендирбаева мекеменин Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялайт. Окуучулардын өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө жана жашаган жерине жоопкерчиликтүү мамилеге жасоого багыттоо үчүн кабыл алынган. “Бул жерде […]

Таласта төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө

Автор

Талас облусунда төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас облусунун фермерлери негизинен төө буурчак (фасоль) өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы отуз жылдан бери селекция жана үрөнчүлүктүн жоктугунан сортту жаңылоо иштери жүргүзүлбөй, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп […]

АКШда кыргызстандык айдоочу каза болду

Автор

АКШнын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралында жол кырсыгында 1986-жыл туулган Б.С. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгынан кийин маркумдун сөөгү мекенине жеткирилет. Америкалык медианын маалыматында, аталган жолдо оор жүк ташуучу унаа катышкан кырсык 2 […]

Мектеп окуучулардын формасы классикалык стилде болушу керек?

Автор

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар коюлган. Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына, окуулар өткөрүлгөн жерге жана класстардагы температуралык шарттарга ылайыктуу болушу керек. Балдар үчүн мектеп формасы төмөнкү […]

Кулпунай менен малинанын экспорту көбөйдү

Автор

Кыргызстан коңшу Казакстан менен Россия өлкөлөрүнө мөмө-жемишти экспорттоонун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чаврба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы 8 айда Кыргызстан 4616,6 тонна кулпунай экспорттогон. Бул өткөн жылга караганда 20,5% га көп, ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, бул мурунку жылга салыштырмалуу […]

Чакан ишканаларга 7,4 млрд сом пайызсыз насыя берилди

Автор

“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, берилген насыянын жалпы көлөмү 7 млрд 412 млн 87 миң 917 сомду түзөт. Анын ичинен: 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 984 ишкерге 5 млрд […]