Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатынан ажырады

Автор

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажырады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат. Мындай чечим бүгүн, 19-августтагы Борбордук шайлоо коммиссиясынын жыйында бир добуштан кабыл алынган. Жыйында Абдалиевдин мындай кадамга барган себеби айтылган жок. Ал өзү азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.

Кумтөр кенинде Кызыл китепке кирген ак лотос гүл ачты

Автор

Кумтөрдө бийик тоолуу аймактарда өскөн, Кызыл китепке кирген укмуштуудай кооз ак лотос гүлүн ачты. Бул тууралуу “Кумтөр” ишканасынан билдирди. Маалыматка ылайык, сейрек кездешүүчү гүлдүн өсүү аймагы чектелүү болгондуктан, аны жапайы жаратылышта табуу өтө кыйын. Азияда лотос гүлү – жаңылануунун, жакшылыктын ыйык символу катары өзгөчө аздектелип келет. Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн […]

Акылбек Жапаров өлкө экономикасы өскөнүн ИДП көлөмү 30 млрд. долларга жетүүсү керектигин айтты

Автор

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө экономикасы өскөнүн, 2030-жылга чейин ИДП көлөмү 30 млрд. долларга жетүүсү керектигин Өкмөт кызматкерлеринин жалпы жыйынында айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. «2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске […]

Ысык-Көлдө билим берүү саммити өтүүдө

Автор

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жарманкеге Россия Федерациясынын билим берүү министрлигинин, Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жетекчилери, Россиянын билим берүү жана илимий уюмдарынын 150дөн ашуун өкүлдөрү катышууда. «Эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык […]

Аптанын икаясы: Үч бир тууган жана Бакыт

Автор

Бир күнү үч бир тууган Бакыттын чуңкурда отурганын көрүшөт. Анан улуусу чуңкурга жакындап, Бакыттан акча сурайт. Бакыт ага акча берип, бактылуу болуп кетет. Экинчиси болсо өзүнө сулуу аял сурады. Ал дагы дароо сулуу аялы менен кошо качып кетти. Үчүнчү бир тууган чуңкурга эңкейди: – Сага эмне керек? -деп Бакыт сурады. […]

Ысык-Көлдүн үчүнчү районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Автор

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 18-август күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, Ысык-Көл районунун башчысынын 18-августундагы №195 тескемесинин негизинде Ысык-Көл районунун […]