Кыргызстанда 7,8 миң бош жумуш орду бар

Автор

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бош орундарга талдоо жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-августка карата 7 миң 848 бош жумуш орду бар. Анын ичинен: – мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203; – саламаттык […]

Кеминдеги мамлекетке кайтарылган жерге ипотекалык үйлөр курулат

Автор

Чүй облусунун Кемин районунда мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. «Турак үйлөр 9 кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөөгө батирлер […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 22-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 70 тыйын болсо, сатуу 86 сом 10 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 60 тыйын деп көрсөтүлгөн

Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген 700 тонна буудай аныкталды

Автор

Кыргызстанга Орусиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти “Беловодск” темир жол станциясына “Орион Экстра” ЖЧК тарабынан 10 вагон буудай Россиядан Кыргызстанга ташып кирүүдө бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушун аныктаган. […]

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды

Автор

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Фейзбуктагы баракчасына пост жазды. “Урматтуу мекендештер! Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры”, […]

Кеминдеги 353 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Автор

Чүй облусунда базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өнөр жай багытындагы жерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 […]