Сузак округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады

Автор

Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Аталган округда 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Шайлоого катышуу ниетин 15 талапкер билдирген (12 эркек, 3 аял). Төрт талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Эске салсак, аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга […]

Ташкентте Султан Раевдин “Тандалган чыгармалар” китебинин бет ачары өттү

Автор

Ташкентте Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы, Кыргызстандын Эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Өзбекстан Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү Султан Раевдин “Тандалган чыгармалар” аттуу китебинин бет ачары өттү. Иш-чаранын катышуучулары алгач Султан Раевдин өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө менен таанышышты. Андан кийин мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат, жана таланттуу […]

Кыргызстанда эң жогорку маяналуу жумуштар кайсылар?

Автор

Кыргызстанда тоо-кен жана маалымат-коммуникация тармагында иштегендер эң көп айлык алышат. Алардын орточо айлык акысы 63 миң сомдон ашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, андан кийин каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштегендер 62 миң 935 сом, өндүрүш тармагында 52 миң 500 сом алат. 5-орунда мамлекеттик башкаруу жана коргонуу […]

Ысык-Көлдөгү селде 21 гектар айдоо аянты жабыркады

Автор

Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дилбара Үсөнбаева билдирди. Анын айтымында, учурда селден кийин Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир жана Кашат айылдарында Жарандык коргонуу кызматтары айыл чарба тармагындагы жабыркаган аймактарды изилдеп жатат. “Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматтар боюнча, […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 23-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 50 тыйын болсо, сатуу 86 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн

23-августка карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин билдиришинче, 23-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын […]