27-августка карата аба ырайы

Автор

27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы:Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз […]

Эгемендүүлүк күнү Киркоров, Стас Миайлов Алах-Тоо аянтында концерт беришет

Автор

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда чоң концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, концертке Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Боссон («Миллиондон бир» хитинин автору) жана италиялык ырчы […]

Кыргызстанда 180 мектеп курулуп жатат

Автор

Кыргызстанда учурда 180 мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Биринчи радиодо билдирди. Анын айтымында, 157 мектеп мамлекеттик бюджеттин, бири жергиликтүү казынанын ал эми 20дай мектеп ар кандай долбоор жана гранттардын эсебинен курулууда. 1-сентябрга карата 40 билим берүү объектиси ачылат, анын 23ү мектеп, […]

Таласта 100 миң доллар пара берип жаткан ишкерлер кармалды

Автор

Таласта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 50 миң доллардан пара берип жаткан эки ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «П.А.Т.» ЖЧК ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар берүүнү макулдашкан. Тактап айтканда, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан системалуу […]

Райымбек Матраимов 26-октябрга чейин камакта калды

Автор

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Эске салсак, Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен […]

Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет

Автор

Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик […]