Быйыл 1-класска өлкө боюнча 126,5 миң окуучу катталды

Автор

2024-жылдын 28-августуна карата балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасында 126 миң 578 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, учурда балдардын эң көп саны – Ош облусунда 24 миң 459, Жалал-Абад облусунда 24 миң 80, Чүй облусунда 22 миң 107 бала, Бишкек шаарында 16 […]

Сузактан ЖК депутаттыгына 9 талапкер катталды

Автор

№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Депутат болуу үчүн 9 талапкер каттоодон өттү, алардын экөө аял. Белгилей кетсек, кайра шайлоого катышууга 15 талапкер арыз беришкен, кийинчерээк 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан, ал эми бир талапкер катталган эмес. Жакында БШК талапкерлердин бюллетендеги иретин аныктоо, бекер […]

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, […]

Салыкчылар күчөтүлгөн тартипке өтүштү

Автор

Кыргызстандын салык органдары салык төлөөчүлөргө мүлк салыгын төлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иштин күчөтүлгөн режимине өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери 2024-жылдын 29-30-августунда саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин иштешет. Салык төлөөчүлөр салык органдарына кайрылып, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө […]

31-августта президенттик администрациянын жаңы имараты ачылат

Автор

Эгемендүүлүк күнүндө президенттик администрациянын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бул тууралуу ЖМК жазууда. Бишкектин түштүгүндөгү имаратты курууга эки жылдан ашык убакыт кетти. Жаңы имарат «Ынтымак – Манас Ордо» деп аталат. Участоктун жалпы аянты — 25,78 гектар.

Баткенде жаңы «Дөгмөн» көмүр кени ачылат

Автор

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашкан “Дөгмөн” көмүр кени расмий ишке кирүү алдында турат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Кен 30-августта өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылат. Кенди иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1 500 000 $ инвестиция салынган. Ишкана жылына […]