ЖК депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ыйман-Нуру» фракциясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматына ылайык, Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган. Эске салсак, 22-августта Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылган. Ал бул ишти «Ыйман» фондундагы жетекчилик убагындагы отчетторго байланыштуу […]

Аптанасаат: Жээренче чечендин накылы (ХIV-ХV)

Автор

– Ээ, чеченим, бул дүйнөдө үчөө: агып жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды жаркын нурга белеген күн өлбөйт дейт, чынбы? – Жок, алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын ак басат — өлбөгөндө не болду. Арылдап аккан дайра жок булактын көзүн муз басса, суу өлбөгөндө не […]

Скрипка ханзаадасы: Бишкекте Даниэль Лозаковичтин концерти өттү

Автор

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү болгон швециялык скрипкачы Даниэль Лозаковичтин концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Лозакович атактуу композиторлор Моцарт менен Сибелиустун чыгармаларын КР эл артисти Рахатбек Осмоналиев жетектеген А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестринин коштоосунда аткарды. Анда классикалык музыканын […]

Ысык-Көлдө селден жабыркагандарга гумжардам таратылды

Автор

Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жарандарына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен гуманитардык жардам жеткирилди. Гуманитардык жардам жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилди. Селден жабыркаган жалпы эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,390 тонна кумшекер, 4390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы […]

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулууда

Автор

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда. Капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 30-август саат 09:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом болсо, сатуу 85 сом 50 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн