Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтындагы жаңы мамлекеттик желекти көтөрүү салтанатында кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады .Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу мекендештер! Эгемендигибизди даңазалоого катышып олтурган кадырлуу аксакалдар! Улуттун улуу күнүн белгилөөгө келген кымбаттуу меймандар! Биз эркиндиктин жана өз алдынча өнүгүүнүн баасын-баркын билели, аны аздектеп сактайлы, кийинки […]

Нуржигит Кадырбековдун депутаттык мандаты Эрнис Айдаралиевге тапшырылды

Автор

Бүгүн, 30-августта Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун арызынын негизинде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. Бош калган эл депутаттык мандаты “Ыйман нуру” партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Эрнис Айдаралиевге өттү. Ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Парламенттин жаңы депутаты 39 жашта. Ал […]

31-августта күтүлгөн аба ырайы

Автор

31-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32, Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн […]

Айыл чарбасын каржылоого 10 миңге жакын насыя берилди

Автор

29-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 420 млн 305 миң сомго 1 миң 293 насыя берилди. Банктар боюнча алганда: […]

Кыргызстандын ар аймагындагы 100 объект бир маалда ачылды

Автор

Бүгүн, 30-август күнү, Кыргызстандын ар аймагында курулган 100 объект бир маалда ачылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер заводунун ачылышында билдирди. Президент “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы – биз үчүн тарыхый […]

Ысык-Көл облусунда сел жүрүшү мүмкүн

Автор

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 2-сентябрда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайт.