2-сентябрда Жогорку Кеңеште VII чакырылыштагы депутаттардын 4-сессиясы башталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев сессияны ачык деп жарыялады. Андан соң Кыргызстандын гимни аткарылды.
Күндеми
Өлкөдөгү ЖОЖдорго 45 этникалык кыргыз кабыл алынды
2024-2025-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган 45 этникалык кыргыз кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ош мамлекеттик университетине – 11, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына – 8, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 5, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине […]
Ала-Тоо аянтында “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кечелер өтөт
Ала-Тоо аянтында 3 күн боюу “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 2-3-4-сентябрда болот. Кечелердин программасы: – 2-сентябрь саат 19:30 Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын концерти; – 3-сентябрь саат 19:30 Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук […]
Бүгүнкү доллардын курсу
Бүгүн, 2-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 80 тыйын болсо, сатуу 85 сом 20 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 92 тыйын деп көрсөтүлгөн
Жогорку Кеңештин сессиясы 2-сентябрда башталат
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын IV сессиясынын ачылышы болот. Парламент депутаттары расмий түрдө сессияны ачышат. Андан ары профилдик комитеттердин жана Жогорку Кеңештин жыйындары кадимки тартипте өтөт. Дүйшөмбү, шейшемби — комитеттердин жыйындары, шаршемби, бейшемби — парламенттин жыйыны, жума күнү — фракциялардын жыйындары белгиленет.
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде биринчи коңгуроо кагылат
Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жаңы 2024/25-окуу жылы башталды. Бүгүн, 2-сентябрда мектептерде биринчи коңгуроо кагылат. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 1-4-класстар үчүн биринчи сабак “Билим – күч”, 5-11-класстар үчүн “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрү” деген темада болот. Сабактын максаты – Кыргыстандын түптөлүшү жана билим берүүгө салым кошкон инсандар, билим – илимдин […]