Акылбек Жапаров жаңы Ак үйдө биринчи жыйын өткөрдү

Автор

Ынтымак ордодо өткөн жыйында социалдык-экономикалык өнүгүү, стратегиялык демилгелер жана президенттин администрациясынын иш пландары талкууланды. «Жаңы имараттын ачылышы – жаңылануунун белгиси. Бул жайда иштөө – жер которуу эмес, мамлекетибиздин тарыхында жаңы барак»,-деди Акылбек Жапаров. Иш-чарага президенттин администрациясынын, министрликтердин жетекчилери жана аймактардагы өкүлдөр видеоконференция аркылуу катышты.

Медер Машиев Экология министринин милдетин аткаруучу болду

Автор

Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Кызмат ордуна дайындоо үчүн Медер Машиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Кыргыз фондулук биржасынын президенти кызматтан кетти

Автор

“Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун президенти Медетбек Назаралиев 2-сентябрда өз каалоосу менен кызматтан кетти. Ал 2020-жылдын март айынан 2024-жылдын 2-сентябрына чейин КФБны жетектеген. Ал ошондой эле ИТ департаментти жетектеп, КФБнын вице-президенти болгон.

Мамлекеттик катчы мектептерге “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында сабак өттү

Автор

Бүгүн, 2-сентябрда, өлкөдөгү бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды. Бишкектеги №69 мектепте мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында ачык сабак өткөрдү. Сабактын максаты – улуу инсандар жөнүндө айтып, окуунун маанисин түшүндүрүү жана Кыргызстандын тарыхы менен азыркы өнүгүүсү тууралуу түшүнүк берүү болду. Сабакта мамлекеттик катчы […]

Жаңы беш депутат ант берди

Автор

2-сентябрда жаңы депутаттар Жогорку Кеңеште ант беришти. Алар: – Айжигит Тыналиев (Ысык-Көл шайлоо округу №36); – Бакытбек Марипов (Ноокат шайлоо округу №5); – Аккулу Бердиев (”Бүтүн Кыргызстан” фракциясы); – Арсланбек Эгембердиев (“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы); – Эрнис Айдаралиев (“Ыйман Нуру” фракциясы). Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевдин айтымында, Свердлов району боюнча №29 шайлоо […]

Ысык-Көл облусунун аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Автор

Ысык-Көл облусунун аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.