Кара-Суу районунун акиминин орун басары эки айга кармалды

Автор

Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Улан Батыров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде 1-сентябрда УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Акимдин орун басарына Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш […]

Жалаа жана кемсинтүүлөр үчүн айып пул: Депутаттар мыйзам долбоорун кароодон баш тартты

Автор

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 3-сентябрда жалаа жабуу үчүн жазалоону караган мыйзам долбоорун кароодон баш тартты. Буга чейин министрлер кабинети бул маселе боюнча баяндамачы кылып юстиция министри Аяз Баетовду дайындаган эле. Бирок жыйында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Асан Гайыпов мыйзам долбоору боюнча баяндамачы болуп Маданият, маалымат, спорт […]

Ири ишкерлерди камакка албоону сунушташууда

Автор

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ири ишкерлерди кармоо учурунда камакка албоо боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Өзгөртүүлөр Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесинин “Камакка алуу” бөлүгү боюнча киргизилмекчи. Авторлор тергөөнүн жана соттун органдарынан качкан адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген же өзгөчө ири өлчөмдө киреше тапкан кылмыштарды […]

Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмеси жарыяланды

Автор

КР Башкы прокуратурасы Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесин жарыялады. Маалыматка ылайык, соттор тарабынан Кыргызстандын аймагында төмөнкү уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алар: «Аль-Каида»; «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы»; «Күрт элдик конгресси» («Конгра-гель»); «Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму»; «Хизб ут-Тахри́р аль-Ислами»; «Жихад тобу» («Ислам жихадынын бирикмеси»); «Түркстан ислам партиясы» (“Өзбекстан ислам кыймылы”) «Мун чиркөөсү»; […]

Президенттик администрациянын мурдагы имараты эки министрликке берилди

Автор

Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан мурдагы президенттик администрациянын имаратына Тышкы иштер министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлиги көчүп келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров имаратты ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевге жана Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиевге тапшырды.

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 3-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 70 тыйын болсо, сатуу 85 сомго чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 73 тыйын деп көрсөтүлгөн