Мектепке бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок

Автор

Бишкектин №13 мектебинен жардыруучу зат таблыган жок. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүн, 3-сентябрда саат 10:45де борбордогу Москва көчөсүндө жайгашкан мектептердин бирине жардыруучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, кинологдор жана саперлор барган. Издөөдөн эч нерсе чыккан эмес жана […]

Бишкекте 1002 автобус каттамдарга чыгууда

Автор

Сентябрдан тарта “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 1002 автобусу иштей баштады. Ошондой эле, 41 троллейбус жана 46 автобус мурда троллейбустар каттаган каттамдар боюнча шаар тургундарына кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. “Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясы” муниципалдык ишканасынын 174 кичи автобусу жана “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын 124 автобусу линияга чыкты. Жаңы […]

ЖК комитети Жаратылыш ресурстары министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлигин колдоду

Автор

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети бүгүн, 3-сентябрда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин талапкерлигин колдоду. Аны кызматка дайындоо боюнча президенттин сунуштамасы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Медер Машиев 1970-жылы Ош облусунун Жаны-Арык айылында туулган. Казак ССРинин Жамбул шаарындагы жеңил жана […]

Бишкектеги мектепте бомба изделүүдө. Окуучулар эвакуацияланды

Автор

Борбор калаанын Ленин районундагы №13 мектепте укук коргоо жана атайын кызматтын кызматкерлери жардыргыч затты издеп жатышат. Бул тууралуу Ленин РИИБнин маалымат кызматы тастыктады. Ага ылайык, мектепке жардыруучу зат коюлган делген билдирүү бүгүн, 3-сентябрда келип түшкөн. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган. Учурда тиешелүү […]

Экс-депутат Марс Насбековдун ордуна БШКга мүчө болот

Автор

Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети бүгүн, 3-сентябрда, Марс Насбековдун Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карап жатат. Насбеков 2021-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп келген. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасындагы Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигин (АРИС) жетектейт. Насбеков Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик квота боюнча көрсөтүлгөн. Азыр […]

ЖК комитети транспорт министри кызматына Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин жактырды

Автор

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоого Сыргабаев Абсаттар Токтогуловичтин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды. Жыйында талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Талапкерге депутаттар Гүлшаркан Култаева, Улугбек Ормонов, Медербек Саккараев жана бир […]