Кыргызстандагы эң мыкты мектеп аныкталды

Автор

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектеби “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” болуп аныкталды Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, республикалык тандоо 5 этаптан туруп, жалпы 122 мектеп катышты. Тандоо Кыргыз Республикасынын мыкты мектептеринин алдыңкы иш тажрыйбасынын […]

Алмаз Турганбаев Транспорт министринин орун басары болуп дайындалды

Автор

Алмаз Турганбаев транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Жаңы орун басарды министрликтин эмгек жамаатына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Данияр Эркимбаев менен ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев тааныштырды. […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 6-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 9 тыйын болсо, сатуу 84 сом 70 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 23 тыйын деп көрсөтүлгөн

Президент Садыр Жапаров эки министрди дайындады

Автор

Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Дагы бир жарлыгы менен президент Абсаттар Сыргабаевди транспорт жана коммуникациялар министри кылып дайындады. Буга чейин Жогорку Кеңеш Машиев менен Сыргабаевдин министр болуп дайындалышына макулдук берген.

Президент Садыр Жапаров Акаевдин статусу боюнча суроолорго жооп берди

Автор

Президент Садыр Жапаров, Кабар маалымат агенттигине экс-президенттин статусу боюнча суроолорго жооп берди. Анда Садыр Жапаров Аскар Акаев өз кызыкчылыгын коргоого мыйзамдуу укугун колдонуп жатканын, бул маселени Жогорку Кеңеш өз алдынча чечиши керектигин билдирди. Журналист эгерде Акаевге экс-президент макамы кайтарылса, Алмазбек Атамбаев жана Курманбек Бакиев дагы Жогорку Кеңешке ушундай эле талап […]

6-сентябрга карата аба ырайы

Автор

6-сентябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26, Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +23…+28. Бишкекте жаан-чачын болбойт. […]