Эртеңден тарта Кыргызстанда чет элдик жарандарды каттоонун жаңы тартиби киргизилет

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан тарта КР министрлер кабинетинин өлкөнүн аймагындагы чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын келүүсүн тескөөчү токтом күчүнө кирет. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Өзгөрүүлөр визасыз режимдеги өлкөлөргө гана тиешелүү: Россия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан жана Молдова. Алар жеке максаттар менен өлкөгө келгендер. Ал эми […]

Президент “Клооп Медианын” жабылышы боюнча комментарий берди

Автор

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кезектеги кыскача маек берип, анда “Клооп Медианын” жабылышы, өлкөдөгү сөз эркиндиги, иликтөө журналистикасы жана иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу суроолорго жооп берген. Президенттин маегин толугу менен төмөндо беребиз: — Саламатсызбы, журналисттер коомчулугуна “Клооп Медиа” деген ат менен таанымал коомдук фондду жоюу тууралуу чечимди Жогорку сот […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 4-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 15 тыйын болсо, сатуу 85 сом 65 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 60 тыйын деп көрсөтүлгөн

Билим берүү министрлиги мектептерде хиджабчан окуучулар боюнча үн катты

Автор

Айрым мектептерде оромолдорду (хиджабды) чечүүгө мажбурлап жаткандыгы боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстан – көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп эсептелет. Конституцияда эч ким туткан дини же башка […]

4-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-сентябрда өлкө аймактарында жаан жаабайт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27, Баткенде түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25, Нарын […]

Жапаров: Мугалимдер басынып, майда чыгымдарга акча сурабайт деп үмүттөнөм

Автор

Быйыл мектептерди оңдоого өкмөт биринчи жолу 400 миллион сом бөлдү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрт эсе көп экенин өкмөт башчысы Акылбек Жапаров мектеп автобустарын тапшыруу аземинде айтты. Жапаровдун айтымында, мамлекет мектептик билим берүү системасына каржылоону көбөйтүп жатат. Ал бул каражат жетиштүү болот деп үмүттөнүп, мугалимдерге класстын керектөөлөрү үчүн акча чогултпоо […]