Кыргызстанда пенсиянын көлөмү 6900 сомдон төмөн болбойт

Автор

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиялар индексацияланат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,18 коэффициентинде индексациялоо боюнча токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ага ылайык 1-октябрдан кийин дайындалган пенсиялардын жалпы көлөмү 6900 сомдон кем болбойт. Токтом 1-октябрдан тартып күчүнө кирет.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кечелер өтүүдө

Автор

Бүгүн, 4-сентябрда “Күз кайрыктары” аттуу музыкалык кечелердин үчүнчү күнү уланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Музыкалык кечелердин алкагында Улуттук филармониянын Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык симфониялык оркестри популярдуу ата мекендик обондорду жана тасмалардан саундтректерди аткарышат. Концерттин башталышы саат 19:

Исхак Масалиев Украина менен согушта Россияга колдоо көрсөтүүнү сунуштады

Автор

4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев Украина менен болгон жаңжалда Россияны колдоону сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, Россия менен Украина ортосундагы согуш эки жылдан бери уланып келе жатат жана бул Кыргызстан үчүн союздаш болгон Россиянын ички маселеси болгон. “Биз бейтарап позицияны карманып келгенбиз, бул туура деп эсептейм. […]

Депутат окуучу кыздардын жоолук маселесин көзөмөлгө алууну суранды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев мектеп окуучуларынын жоолугуна байланыштуу маселени мамлекеттик органдар көзөмөлгө алуусун суранды. Ал 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы окуу жылы жаңы эле башталса да, мугалимдер тарабынан айрым түшүнбөстүктөр болуп жатканын айтты. “Алар кайрадан жоолукка байланыштуу эскертүүлөрдү беришүүдө. Бул терс маанай жаратат. Бул боюнча укуктук баа берүүнү суранам. […]

Динара Ашимова «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери болуп шайланды

Автор

Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери болуп депутат Динара Ашимова шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында белгилүү болду. Белгилей кетсек фракциясынын буга чейинки лидери Нуржигит Кадырбеков өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырып кеткен.

Жаңы депутат Жумабек Салымбеков ант берди

Автор

Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы депутаты Салымбеков Жумабек Мамытбаевич ант берди.  Ал Бишкек шаарынын №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган.