Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрөбү?

Автор

7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш […]

Ош шаарына 100 троллейбус жөнөтүлдү

Автор

Ош шаарына жалпы 100 троллейбус жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды «Кыргызчеттранс-Ош» мамлекеттик ишканасы ташып, жеткирет. Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары троллейбустарды Ош шаарына берүүгө макул болушкан. Бишкек мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга май айынын бери алмаштырып келет. Ушул маалга чейин 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып турган

Жогорку Кеңеш Ысык-Көл облусундагы селден жабыркагандарга жардам берет

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-сентябрдагы жалпы жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Гүлкан Молдобекова Ысык-Көл облусунда катталган сел кырсыгынын кесепеттери жана аларды жоюуга көмөктөшүү маселесин көтөрдү. Ал эми Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусунда катталган селдин кесепети абдан чоң болгонун жана аны жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерден кабары бар экенин белгилеп: […]

“Куликовский” кондитердик үйүнүн кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери 3-сентябрда “Куликовский” кондитердик үйүнүн Курманджан Датка көчөсүндөгү кеңсесинде болду. Компания жетекчиликтин жоктугуна байланыштуу бул факт боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Кызматкерлер жана өндүрүш өз ишин улантып жатканы белгилүү болду.

Парламент БШКнын мүчөсү Марс Наспековдун ыйгарым укуктарын токтотту

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары Марс Наспековду Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карашты. Жыйында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Наспеков өз каалоосу менен арыз жазганын белгиледи. “Мындай учурда депутаттар тарабынан суроолор болбойт”,-деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев.

Жогорку Кеңеш Абсаттар Сыргабаев менен Медер Машиевди министрлик кызматка дайындоого макулдук берди

Автор

Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевди жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрө, автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. […]