Азамат Эргешов Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Эргешов Казыбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Мандатын тапшырган экс-депутат башка кызматка аттанды

Автор

Өткөн айда депутаттык мандатынан кол жууган Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө аттанды. Ал орунду мээлеп, керек болсо, ээлегени айтылууда. Мейкинбек Абдалиев “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан депутаттык креслого көчүк баскан. Парламенттин жалпы жыйынында бажы кызматынын төрагасына кайрылып, Кытай аркылуу ташылып жаткан жүктөр боюнча маселе жаралса, Раимбек Матраимовдун тажрыйбасынан пайдаланууну сунуштаган. […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 5-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 16 тыйын болсо, сатуу 84 сом 63 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 36 тыйын деп көрсөтүлгөн

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти

Автор

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бул кызматтан кетти. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал 1998-жылдан бери Спорттук күрөш федерациясын жетектеп келгенине токтолуп, өлкөгө кызмат кылууга аракет кылганын жазган. «Ар нерсенин өз учуру болот эмеспи, ошондуктан, 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында аларга […]

5-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 5-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз […]

Малды жалгыз баккан балага Ички иштер министри белек берди

Автор

10 жаштагы Бектурганга министрликтин өкүлдөрү оюнчуктарды, кийим-кече, окуу куралдары жана башка керектүү нерселерди тартуулашты. Бул иш-чара баланы колдоо жана анын кайраттуулугун баалоо максатында уюштурулган. Талас районунун Шекер айылында Казакстан менен чектеш жерде жалгыз мал кайтарып жүргөн бала тууралуу видео Интернетте тарап, талкууга түшкөн. Жергиликтүү тургундар бала ачык асманда түнөп жүргөнүн […]