Кыргызстандыктарга Россияга барбай туруу сунушталды

Автор

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Россияга барбай турууну сунуштады. “Россия аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана чет элдик жарандарды мамлекеттик чек арадан өткөрүү көзөмөлү күчөтүлгөн режимде улантылып жатат. Буга байланыштуу, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Кыргызстандын жарандарына жүйөлүү себептери жок болсо, чаралар алынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну […]

Аскар Акаев экс-президент статусун кайтарып берүүнү суранды

Автор

Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү каалайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча парламенттик комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди. Анын айтымында, Акаевден кат бүгүн келген. “Маселе дароо күн тартибине киргизилбейт. Алгач аны фракциялар жана депутаттар карап чыгышат. Ошондон кийин гана ал күн тартибине […]

Президент Кыргызстандын Пакистандагы элчисин дайындады

Автор

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматына Авазбек Атахановду дайындады. Июнь айында, Пакистандагы мурдагы элчи Уланбек Тотуяев Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин, ошол учурдагы анын орун басары Авазбек Атахановдун жеке арызы боюнча кызматтан алынган.

Садыр Жапаров коомдук негизде иштеген жардамчылардын баарын бошотту

Автор

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров коомдук негизде иштеген бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул чечим президенттик администрацияны реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүү алкагында кабыл алынган.

Парламентте китеп көйгөйү көтөрүлдү

Автор

Бүгүн, 5-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маанилүү делген 2 маселе көтөрүлдү. Алардын бири мектептерде китептердин жетишпей жатканы, экинчиси коомдук транспорттун жетишпестиги. “Троллейбусттарды Ош шаарына жөнөтүп жибергениңер туура эмес болду. Азыр борбордо жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттор жана китептер жетишпей жатат. 2025-жылга каражат бөлүп берүү зарыл”,- деди депутат Дастан Бекешев. Белгилей кетсек, учурда […]

Өкмөт кетет, кетпейт…

Автор

Акылбек Жапаровдун ийгилик жараткан өкмөтү толук курамы менен отставкага кетээри каңкууланып жатат. Тар чөйрөнүн күбүр шыбыры ар түрдүү божомол жүргүзүү менен алек. Айрымдарынын айтымында, министрлик орундарга жаш, каризма жараткан жана билимдүү талапкерлер изделүүдө. Бирок,Акылбек Жапаровдун өкмөтү көмүскө экономика менен күрөшүп, криминалдын тамырына балта чаап, мамлекеттик имараттарды, мектептептерди, бала бакчаларды, жолдорду […]