Камчыбек Ташиев футбол боюнча улуттук курама команда менен жолукту

Автор

«Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасында Кыргызстан курамасынын машыгуусу болуп өттү. Машыгуунун алдында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалап өттү. 10-сентябрда Кыргызстан-Өзбекстан футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши болот. Ал эми буга чейин 5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ирандын Исфахан шаарында ирандык футболчулары менен […]

Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды

Автор

Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. “Астана арена” спорт комплексиндеги салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев жана башкалар да катышты. Салтанаттуу иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу […]

Кыргызстанда «Талибан» кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды

Автор

Кыргызстанда «Талибан» кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги расмий билдирди. «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим […]

Президент жергиликтүү кеңештерге жаңы шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Автор

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүн, “Административдик-аймактык реформанын алкагында […]

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду

Автор

Сүрөтчү жана мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Ал 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Ал 1972-жылы Алматы сүрөт училищасын, ал эми 1982-жылы Москва полиграфиялык институтун бүтүргөн. Жайчыбеков “Мектеп”, ‘”Кыргызстан”, “Адабият”, “Шам” жана “Кут аалам” сыяктуу басмаканаларда иштеп, […]

7-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Түндүк-батыштан келген […]