Камала Харрис Дональд Трамп менен дебатка даяр экенин айтты

Автор

Камала Харрис, АКШ президенттигине Демократиялык партиядан талапкер, Дональд Трамп менен дебаттарга даяр экенин айтты. Иш-чара эртең, 10-сентябрда, ABC News телеканалында өтөт. Харрис жолдошу менен Питтсбургдагы Улуттук гвардия базасында жүргөндө журналисттердин суроолоруна жооп берди. Дебаттарга даярдыгы тууралуу суроолорго “Мен даярмын” деп жооп берди. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

Президент мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө мораторий киргизди

Автор

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 2024-2026-жылдарга мораторий киргизди. Чечим мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу максатында кабыл алынган. Документке ылайык, мамлекеттик мекемелердин, комитеттердин, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү администрация органдарынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатууга жана штаттык түзүмдү кеңейтүүгө тыюу салынат. Бирок өзгөчө учурларда президенттин жеке чечими менен айлыктарды өзгөртүү […]

Кыргызстандыктарды 14-сентябрда масштабдуу ишембилик өтөт

Автор

14-сентябрда республика боюнча масштабдуу ишембилик өтөт. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кайдыгер карабаган жарандарды иш-чарага катышууга чакырат. Мекеменин маалыматы боюнча, акциянын негизги максаты — таштандыны өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу, жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу. «Бул ишембиликте жарандарга таштандыны иргеп чогултууга чакырыктар жасалат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Казакстандын президенти Көчмөндөр оюндары үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Көчмөндөр оюндары үчүн кыргыз элине ыраазычылык билдирди. “10 жыл мурда бул оюндарды биринчи жолу кыргыз бир туугандар уюштурган. Бул үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бул улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөдөгү эң чоң мелдеш, көчмөндөрдүн олимпиадасы десек болот. Оюндар көчмөндөр цивилизациясын дүйнөлүк деңгээлде жайылтат”,-деди Токаев Астанада өтүп жаткан […]

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2024: Бүгүнкү мелдештердин программасы

Автор

Бүгүн, 9-сентябрда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, таяк тартыш, кураш, казак күрөшү жана эр эңиш боюнча мелдештер өтөт.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бардык мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө, […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 9-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 20 тыйын болсо, сатуу 84 сом 60 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн