Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 10-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом болсо, сатуу 85 сом 45 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн

10-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-сентябрга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош жана Баткен […]

Нарында гранттын эсебинен 26 долбоор каржыланды

Автор

2024-жылдын 8 айына карата Нарын облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 21,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул суммага 26 долбоор каржыланды: Кочкор району 8 объектиге 6,8 млн сом; Нарын районунун 3 объектисине 2,1 млн сом; Ат-Башы району 8 объектиге 5,2 млн сом; Ак-Тала району […]

Кыргызстан-Өзбекстан футбол беттешинде коомдук тартипти 3 миңдей милиционер камсыздайт

Автор

Бишкекте өтө турган футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде 3 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күйөрмандар стадионго кирерде коопсуздук чараларынын алкагында текшерүүдөн өтүшөт. Мындан улам кезекке турууну түшүнүү менен кабыл алып, стадионго беттеш башталганга эки саат калганда келүү […]

Чукул билдирүү! Кыргызстанда жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Автор

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 9-10-сентябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз! – арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз; – турак үй жайгашкан жерде жаан суулары […]

Кимдердин айлыгы көтөрүлбөйт?

Автор

Эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлбөйт. Ошондой эле президент алардын штаттык санын көбөйтүүгө тыюу салган чечимин кабыл алды. Мындай аракети менен бюджетти натыйжалуу пайдаланууну көздөп жатат. Кыргызстанда 2021-жылдан бери айлыктар көтөрүлүүдө. Бийликтин мындай аракети эң көп мугалимдерди жана дарыгерлерди сүйүнткөн.