18-декабрдан тарта Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттамы жанданат

Автор

Кыргызстандык адистер Москва шаарында эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышты. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жыйынтыгында 2024-жылдын 18-декабрынан тарта Бишкек-Москва жүргүнчү поездинин ишин калыбына келтирүү боюнча Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим […]

11-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда […]

Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды

Автор

Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакырылган курактагы кыргызстандыктар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү. Бүгүн, 10-сентябрда Республикалык жыйын пунктунда чакыруучуларды анык аскердик кызматын өтөөчү жерлерге […]

Кыргызстанда орточо айлык акы канча экени айтылды

Автор

Чакан ишканаларды эсепке албаганда, 2024-жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өскөн. Ал белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк […]

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Тизме

Автор

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргызстан — Өзбекстан футбол беттешине байланыштуу борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жолдор саат 18:00дөн баштап төмөнкү көчөлөр жабык болот: Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектинен Панфиловго чейинки бөлүгү; Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектинен Фрунзеге чейинки бөлүгү. Эске салсак, бүгүн саат 20:00дө Дөлөн […]

Төраганы төрөпейил деп атады

Автор

“Нурланбек Шакиевдин төрөпейилдигинен бүт эл жүдөп жатабыз. Дөөлөтүнө мас болуп, эйфориядан түшө албай жатат. Албетте түшө албайт, кокустан болуп калса”,- деп жазды өздүк баракчасына белгилүү журналист Баяна Кулова. Журналист маалымдагандай, төрага жумушка келет дешип, 1 саат мурун жолду жаап, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып жатышыптыр.