12-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24. […]

Ошто Кыргыз-Өзбек университетинин деканы кармалды

Автор

Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын бириндеги коррупциялык схема жоюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-сентябрда УКМК тарабынан Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин […]

Баткен облусунда дем берүүчү гранттардын эсебинен 27 долбоор каржыланды

Автор

Баткен облусуна 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 38,6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бөлүнгөн суммага 27 долбоор каржыланды: Кадамжай району 11 объектисине – 16,4 млн сом; Лейлек району району 6 объектисине – 7,0 млн сом; Кызыл-Кыя шаары 6 объектисине – 8,4 млн […]

Агасы бардын бактысы бар…

Автор

Агасы өлкөнү бийлеп турганда иниси бир наамга жетпей калмак беле? Өткөндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси Рахатбек Жапаров президенттин буйругу менен генерал-майор наамына татыды. Ал түздөн-түз агасына баш ийген кызматта иштейт. Тактап айтканда, Жазаларды аткаруу кызматынын төрага орун басары. Бирок, коомчулукта тууганчыл саясаттын арты менен карьера жасап, […]

Садыр Жапаров өзбек машыктыруучусу Акмаль Хасановго унаа белек кылды

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды. Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын баса белгиледи. “Дүйнө жүзү Борбор […]

Орун басарлык орунду мээлегендер көп

Автор

Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Пакистанга элчи болуп дайындалышынан кийин ведомстводо кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүп жатат. Айрым маалыматтарда, бошогон орунду көздөгөндөр менен ат тезегин кургатпай чоңдордун эшигин каккандардын саны арбыганы, бирок, министр аппаратта иштеп, такшалган кадрлардан дайындоону пландап жатканы айтылууда. Ал эми бизге жеткен маалыматта, Медер Абакиров аттуу кызматкердин […]