Депутаттар мектептердин көйгөйүн дагы көтөрүштү

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 12-сентябрда кайрадан мектептеги көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бишкек шаарындагы номер 70, 26, 31, 63, 4, 37, 98- мектептерде математика, химия, физика, география, тарых, информатика жана орус тили боюнча мугалимдер жетишсиз болуп, жабылуу алдында турганын Бактыбек Чойбеков билдирди. “Мына, окуу жылы жаңы башталды. Көйгөйлөргө көңүл буруу зарыл, бул мектептердин […]

Онлайн кредит берүүдө мүчүлүштүктөр көп

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары онлайн кредит берүүдөгү мүчүлүштүктөргө токтолушуп, телефон аркылуу алданып калгандардын маселесин көтөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында айтылды. “Алдамчылар сабаттуу сүйлөп, сизге туура эмес акча которулуп калыптыр, мен бир код жөнөтөм, ошону басыңыз дешет экен. Эч нерсени ойлобой басканда, акча автоматтык түрдө которулуп кетип жатат. Ушул […]

Бишкекте эл аралык жарманке жана аймактык форуму өтөт

Автор

Борбор Азия аймагында Кыргызстанда биринчи жолу “Органикалык Экспо – Борбордук Азия” аймактык форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, форумду өткөрүү Айыл чарба министрлиги тарабынан демилгеленген жана ал органикалык айыл чарбаны системалуу түрдө илгерилетүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай […]

Бишкекте канча мугалим жетишпейт?

Автор

Бишкек шаарынын мектептеринде 496 мугалимдин орду бош. Көбүнчө орус тилдүү мектептерде айрыкча так илимдер — физика, математика, биология боюнча адистер жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында ар кандай мектеп предметтери боюнча 1,3 миңден ашык мугалим жетишпей турганы кабарланган. Министрликтин маалыматы боюнча, кадрлардын […]

Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Автор

Кыргызстанда мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу буйрук чыккандыгын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык,, мындай чечим «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кабыл алынган. Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 12-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 30 тыйын болсо, сатуу 84 сом 70 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн