Азимбек Бекназаров кайрадан кармалды

Автор

Бүгүн, 12-сентябрда Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, камакка алынды. Бул тууралуу саясатчынын уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында Азимбек Бекназаров коопсуздук кызматына Убактылуу өкмөттүн ишине байланыштуу деген негиз менен суракка чакырылган. Улуттук коопсуздук комитети «Азимбек Бекназаров кармалды» деген уулунун маалыматы боюнча комментарий бере […]

13-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25, Талас өрөөнүндө […]

Кыргызстанда кайсы агенттиктерге чет өлкөлөргө ишке орноштурууга тыюу салынды? Тизме

Автор

Миграциялык процесстерди турукташтыруу жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында 11 агенттикке Кыргызстандын жарандарын бир катар чет мамлекеттерде ишке орноштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим “Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө” жобонун ченемдеринин […]

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көкпар оюнунда кыргыз курамасы Казакстанга жеңилди

Автор

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак курамаларынын көкпар боюнча финалдык оюнда казак курамасы жеңишке жетти. Кошумча убакта эсеп 5:4, казактар жекеме-жеке учурунда улак таштоого жетишти. Ошентип, Кыргызстандын командасы күмүш медалга ээ болду. Белгилей кетсек, биринчи таймда кыргызстандыктардын дарбазасынан кийинки жаңжалдан улам беттеш 30 мүнөттөн ашык токтоп калган. Коло байгени […]

Кыргызстанда эки орундуу тик учактар чыгарыла баштады

Автор

Кыргызстанда чыгарылган тик учактар сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, тик учактар эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт. “Баасы 60 миң доллардан жогору экен. Кыска аралыкта мамлекетибизде унаа, […]

Акылбек Жапаров Орусиянын «Достук» ордени менен сыйланды

Автор

Ысык-Көлдө VI Кыргызстан-Россия экономикалык форуму өтүүдө. Иш-чаранын расмий ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын «Достук» ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук тапшырды. «Достук» медалы Акылбек Жапаровго эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.