Кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. “Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү […]
Күндеми
Аптанасаат: Кытай макалдары
1. Жетишпеген жагыңды айткандан баары душманың эмес, Мактагандын баары дос эмес. 2. Акырын жылгандан коркпо, ордуңда туруп калгандан корк. 3. Эгер тынчтыкты жакшы жагына өзгөртө албаса сүйлөбө. 4. Анчалык маанилүү эмес ишти тез бүтүр, а, эгер маанилүү болсо шашпай жаса. 5. Чоң дарыя тынч агат, акылдуу адам үнүн катуу чыгарбайт. […]
Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси эмнеге кармалды? УКМКнын жообу
УКМК тарабынан «Альянс» фракциясынан ЖК депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Р.А.Р. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, […]
Эльдар Алишеров ЕЭКте министр болуп дайындалды
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2024-жылдын 11-сентябрындагы чечими менен Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалды. Ал 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Алишеров 2023-жылдын 20-февралынан тарта Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп да иштеген.
Төрага Нурланбек Шакиевдин Кытайга расмий сапары башталды
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандагы иш сапарын аяктап, Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти. Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин (парламент) төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кошумчалай […]
Бүгүнкү доллардын курсу
Бүгүн, 13-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 50 тыйын болсо, сатуу 84 сом 90 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 36 тыйын деп көрсөтүлгөн