Кыргызстанда «Талибан» кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды

Автор

Кыргызстанда «Талибан» кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги расмий билдирди. «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим […]

Президент жергиликтүү кеңештерге жаңы шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Автор

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүн, “Административдик-аймактык реформанын алкагында […]

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду

Автор

Сүрөтчү жана мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Ал 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Ал 1972-жылы Алматы сүрөт училищасын, ал эми 1982-жылы Москва полиграфиялык институтун бүтүргөн. Жайчыбеков “Мектеп”, ‘”Кыргызстан”, “Адабият”, “Шам” жана “Кут аалам” сыяктуу басмаканаларда иштеп, […]

7-сентябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Түндүк-батыштан келген […]

Жогорку кызматка талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жаңы жобо бекитилди

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын президенти, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди. Буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин […]

Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды

Автор

Бишкектеги медициналык борбор мындан ары “Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы” деп аталат.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде анын ысымы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик […]