Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Ленинград облусуна иш сапары менен келип, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына чейин отун жарды. Беларуссиянын президентинин басма сөз кызматына жакын “Пул первого” Telegram-каналы анын иштеп жаткан сүрөттөрүн жарыялады. “Биринчинин иш күнү таңда башталды. Сиз маанилүү сүйлөшүүлөрдүн алдында кандайча машыгасыз?” – деп жазылган билдирүүдө. Лукашенко 25-декабрда Санкт-Петербургга […]
Дүйнө
Сирияда нааразычылыктардан улам коменданттык саат жарыяланды
Сириянын Тартус, Латакия, Жабла жана Хомс шаарларында алавиттер, Сириядагы диний азчылыктын өкүлдөрү тарабынан митингдер өткөрүлүп, укук коргоо кызматкерлерине кол салуулар менен коштолду. Порт шаары Тартуста кагылышуу учурунда 14 полиция кызматкери каза болду. Бийлик буга жооп катары коменданттык саат киргизип, өлкөнүн мурдагы президенти Башар Асадды колдогондорду баш аламандыкты козутууга айыптады. Тополоңдор […]
Учак кырсыктаган жерде издөө иштери аяктады
Учак кырсыктаган жерде издөө иштери аяктады Куткаруучу кызматтар Азербайджандын авиакомпаниясынын учагы кырсыктаган Актауга жакын жерде издөө иштерин аякташты. “Куткаруучу кызматтар издөө иштерин аякташты. 29 адам ооруканага жаткырылды, 38 адам учак кырсыгынан каза болду. Бардык жабыркагандарга зарыл изилдөөлөр жүргүзүлдү. Адамдардын абалы турукташкан соң, профилдер боюнча ооруканага жаткырылып, толук дарыланууда”,-деп айтылат Казакстандын […]
Татьяна Бакальчук өзү үчүн асман тиреген имарат алды
Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү, 49 жаштагы Татьяна Ким (Бакальчук) Москва-Ситиден асман тиреген имарат сатып алды. Имараттын бийиктиги 75 кабат болуп, 398 метрди түзөт. Ошондой эле жер астында алты кабат каралган. Асман тиреген имарат курулуш баскычында сатылып алынган жана 2030-жылы бүткөрүлмөкчү. Бул жерде 17 миң кызматкер жайгаша алат. Имаратта Wildberries жана Russ […]
Нью-Йоркто такси жөө адамдарды сүздү
Fox News кабарлагандай Нью-Йорктун эл көп жүргөн аянтында такси жөө адамдар тобун сүзүп, алты адам жабыркады. Нью-Йорк полиция департаменти такси туристтер көп барган Геральд-сквер аянтында, Бродвей, Алтынчы авеню жана 34-көчө кесилишкен жерде бир нече адамды сүзгөнүн ырастады. Маалыматка караганда, таксинин айдоочусу 58 жаштагы эркек. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Айдоочу кармалган […]
Сирия бийлиги Асадга жардамы үчүн Ирандан 300 миллиард доллар талап кылат
Сирия бийлиги Асадга жардамы үчүн Ирандан 300 миллион доллар талап кылат Ливандын Al Modon гезити Сириянын жаңы бийлиги Ирандан 300 миллиард доллар талап кылууну пландап жатканын билдирүүдө. Бул сумма өлкөнүн мурдагы лидери Башар Асадды узак убакыт колдоп келгендиги үчүн төлөнүшү керек деп эсептешет. Учурда жаңы бийлик өкүлдөрү меморандум даярдап, аны […]