Гавайини өрт каптады: Тургундар океанга качышты

Автор

Гавайи архипелагындагы эң чоң аралдардын бири, туристтер арасында популярдуу  Мауи аралын каптаган токой өртүнүн кесепетинен  алты адам каза болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Гавайидеги шаарчанын жашоочулары өрттөн качып океанга кетүүгө аргасыз болгон “кыямат көрүнүштөрү” тууралуу кабарлашты.     Аралдын бир бөлүгү өрттөнүп жок болду.  13 миңдей тургуну бар шаардагы ондогон үйлөр жана ишканалар талкаланган.
Гонолулудагы Улуттук Аба ырайы кызматы билдиргендей, Мауидеги өрт Гавайидеги «Дора» бороон-чапкынынан улам келип чыккан.
Бийлик калкты эвакуациялоону жарыялады.
Эки миң саякатчы Кахулуи аралынын аэропортуна баш калкалап жатканы кабарланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Цукерберг Маскты  26-августта беттешүүгө чакырды

Америкалык медиа магнат Марк Цукерберг SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маскты 26-августта  беттешүүгө чакырды. “Мен бүгүн даярмын” деп жазды Цукерберг социалдык тармактардагы баракчасына. “Мага  чакырык таштаганда  26-августта  жолугушууну сунуштадым бирок эч качан ырасталган жок”, – жазган. Маск буга чейин Цукерберг менен болгон беттешин өзүнүн мурда Twitter деп аталган X […]

You May Like