Бүгүн Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Автор

Бүгүндөн тарта Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Белгилей кетсек, объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Жылытуу биринчи кезекте-ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине, экинчи кезекте объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин: АКШга Жакынкы Чыгышта башаламандык керек

“АКШ Жакынкы Чыгышта тынымсыз башаламандыкка муктаж, ошондуктан алар кан төгүүнү токтотууга даяр болгондорду дискредитациялоодо. Ал гана эмес  БУУ куугунтукталып жатат”,-деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин. «Аларга Ыйык Жерде туруктуу тынчтыктын кереги жок, аларга Жакынкы Чыгышта тынымсыз башаламандык керек, ошондуктан алар Газа тилкесинде ок атышууну, кан төгүүнү токтотууну талап кылган өлкөлөрдү […]

You May Like