Бүгүндөн тарта GoBus Нарынга каттамдарын кайра баштады

Автор

Бүгүн, 29-ноябрдан тарта GoBus күнүмдүк каттамдары баштай тургандыгын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.
Учурда каттоо убактысы өзгөргөндүгү такталды. Транспорт бир убакта – саат 11.30да Бишкектен да, Нарындан да жөнөйт.
Борбор калаада GoBus дагы эле Ибраимов көчөсүнөн (Өчпөс от аялдамасы), Нарында Усубалиев аянтынан башталат. Жол боюнда эки аялдама болот – Балыкчы шаарындагы жаңы туристтерди тейлөө борборуна жана Орозбаков көчөсүндөгү Кочкорго токтойт.
Саякат убактысы 4,5 саат. Билет баасы 500 сом.
Билеттерди GoBus мобилдик тиркемесинде сатып алсаңыз болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарында арзан көмүр саткан жайлар уюштурулду. Даректери

Ош шаарында арзан көмүр саткан үч жай ачылды. Бул тууралуу “Т-Медиага” Кыргызкөмүр ишканасынан билдиришти. Кампаларда кара алтындын килограммы 7 сомдон 11 сомго чейин сатылууда. Даректери: – Жибек-Жолу МАБынын Айни көчөсүндө; – Жапалак МАБынын Татар айылындагы Уларов көчөсү; – Учар, Дача участоктору (122-маршруттук каттамдын акыркы аялдамасы) сатылууда. Бул жайларга көмүр мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн